Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалда жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөштү.
Кыргызстан менен Россия — союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарынын мүчөлөрү болуп саналат.

«Россия тарап кырдаал түзүлгөндөн баштап тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча өздөрүнүн жардамын сунушташкан.
Жакында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Россиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышты», — деп айтылат билдирүүдө.