Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жугуштуу оорунун алдын алуу жана жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары райондун аймагында коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулуктун алдын алуу, ар кандай баш аламандыкка жол бербөө жана болтурбоо максатында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү ( аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар уюму) ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирдикте Нарын районунун жергиликтүү тургундарына түшүндүрүү жана алдын алуу иш чаралары өткөрүлүүдө.

Ошондой эле өлкөбүздө болуп жаткан жугуштуу оорунун алдын алууда ар бир жаран бет кап кийип, өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн тиешелүү өздүк гигиенаны туура сактап жүрүү жагы эскертилди.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы.