Сооронбай Жээнбековду колдоо митинги кагылышуу коркунучунан улам болбойт. Бул тууралуу активисттер билдиришти. Алардын айтымында, мындан тышкары өзгөчө абал режими күчүндө.

«Митингдин уюштуруучулары жок, алар чогулуп, президентти татыктуу өткөрүүнү каалашты. Бирок өзгөчө абал бар экендигин, анын жүрүшүндө мындай жолугушууларга тыюу салынгандыгын түшүнүп, кагылышуулардан жана чагымчылдыктардан сактануу үчүн биз митингди токтотунуу чечтик», – деп билдиришти активисттер.

Буга чейин Сооронбай Жээнбековду колдогон тынчтык митинги бүгүн пландалып жатканы маалымдалган.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен. Конституцияга ылайык, мамлекет башчынын милдетин аткаруучу парламенттин төрагасы Канат Исаев болмок. Ал президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. Эми президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров болот.