Бишкек шаарында ээнбаштыкка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу, Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

17-октябрга караган түнү саат экиде Манас проспектисинде үч жигит эч себепсиз жергиликтүү тургунду сабап, андан соң тапанчадан ок чыгарышкан. Окуя тууралуу укук коргоо органдарына билдиришкен жана ал жерге Кайгуул кызматынын кызматкерлери барышкан.

Кылмыштын изи сууй электе шектүүлөр кармалып,алар 1993-жылы туулган И.Ж., 1989-жылы туулган Ч.Ч. жана 1995-жылы туулган К.А. экендиги аныкталды. Жеринде изилдөө жана текшерүү маалында жигиттердин жанында газ-травматикалык тапанча табылган. 

Кылмышка шектүүлөр учурда Биринчи май РИИБинде тергөө абагында болгон окуяга тиешелүү изилдөөдөн өтүп жатышат. 

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталды.