Нурлан Мамытов Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун (КРӨФ) башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу КРӨФнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жалпы жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып, жаңы жетекчинин ишине ийгиликтерди каалаган.