171 медицина кызматкерине компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Компенсациялык төлөмдөр боюнча иш алып барган комиссиянын кароосуна 1 миң 901 документ келип түшкөн, анын ичинен 171 медицина кызматкерине компенсация төлөнүп берилди. 200 миң сом өлчөмүндөгү каражат илдетке чалдыккан 147 кызматкерге жана 1 миллион сомдон акча каражаты оорудан каза болгон 24 кызматкердин үй-бүлөсүнө төлөндү. Андан сырткары, 19-октябрда комиссиянын жыйыны болуп, анда дагы 133 медицина кызматкерине компенсация төлөнүп берилиши каралды. Алардын ичинен ооругандар – 130 болсо, каза болгондор – 3 кызматкер”, — деди Үсөнбаев.