Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жаңы дайындалган Сыймык Жапыкеев кызматкерлери менен биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Финполдун оперативдүү-тергөө курамынын кеңешмеси Сыймык Жапыкеевдин төрагалыгы астында өткөнү маалымдалат.

«Аталган жыйналышта Финполдун коррупциялык иштерге байланыштуу мындан аркы тактикасы боюнча маселе талкууланды. Ошондой эле экономикалык коопсуздук, коомдо резонанс жараткан кылмыш иштери боюнча жасалчу кадамдардын планы тууралуу сүйлөшүлдү. Төрага Сыймык Жапыкеев Финполдун бардык аймактар боюнча иштерин күчөтүүнү жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле ал Финполдун приоритеттүү иштеринин бири мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген жогорку кызмат ээлеген кызмат адамдарына карата козголгон резонанстык иштер болушу керектигин баса белгиледи. Сыймык Жапыкеев жарандар тарабынан Финполдун кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жатканы тууралуу маалымат жетсе, буга карата катуу чара колдонуларын эскертти. Учурда Финпол тарабынан бир катар ири кылмыш иштери иликтенип, тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.