Мен күнү-түнү иштөөгө даярмын. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев бүгүн, 20-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. 

Жыйында маалым болгондой, мэр Азиз Суракматов отставкага кетип жаткандыгына байланыштуу, анын милдети буга чейин биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевге жүктөлдү. 

«Мэриянын жамаатында өзгөрүүлөр болбойт. Эгер кызматкер жакшы иштеше, аны эмне үчүн алмаштыруу керек? Мен Бишкекти өнүктүрүү үчүн болгон аракетимди жумшайм. Мэрдин иши жарандарга ачык болушу шарт. Мен мэр катары 24 саат, күнү-түнү иштөөгө даярмын», — деди Түлеев.