Кылмыш-кырсык

Р.Матраимов 80 миллион сом УКМКнын депозиттик эсебине которду

Райым Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргызстандын бюджетине келтирген эки миллиард сомду толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Матраимов көрсөтүлгөн сумманын 80 миллион сомун УКМКнын депозиттик эсебине которду.

“Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алдын ала жыйынтыгы боюнча, Матраимов бюджетке 2 миллиард сом чыгым келтиргени аныкталды. Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде ага Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Райым Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргызстандын бюджетине келтирген зыянды, жогоруда айтылган сумманы толугу менен төлөп берерин билдиргени айтылды. Каражат атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөнмөй болду.

УКМК бажы органдарындагы коррупциялык схемалардын башка катышуучуларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу чаралары менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш-аракеттерин улантат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button