Шайлоодогу чекти 1 пайызга түшүрсөк да аянтка чыгып, нааразычылыгын билдирген партиялар болот. Мындай пикирди  бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, «Шайлоодогу чекти 1 пайызга чейин төмөндөтөлү деген сунуштар болуп жатат. Мейли макул бололу, бирок шайлоодо 1 пайыз алып анан аянтка чыгып нааразы болгон партиялар да болот. Андан көрө комитет жана фракция отурумда кеңешип мыйзам жана регламент жол берген бир чечим чыгарыш керек»,- деди депутат.