Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка кол коюлду.

«КРдин «Шаардын статусу жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесине ылайык, Азиз Суракматовдун кызматтан кетүү жөнүндөгү өтүнүчү кабыл алынып, 21-октябрдан тарта ээлеген ордунан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 20-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалып, Азиз Суракматов кызматтан кете турганы айтылган.

Мындан улам Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштей баштаган, бирок анын бул кызматка келишине каршы болгон эл 21-октябрда мэриянын имаратынын алдына чогулуп, нааразылыгын билдирген.

Нариман Түлеев кызматтан баш тартып, мэрдин милдетин мындан ары вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара турган болду.