Чүй облусунун Аламүдүн районунда 21-октябрь күнү саат 18:47де Мыкан айылындагы ГЭС-3 көлмөсүндө эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат «102» кызматына түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылган.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган.