ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Свердлов РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте үйлөрдөн мүлктөрдү уурдап, тоноо жана уурулук менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

Кылмышкерлер Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында кылмыш жасап, үйлөрдөн мүлктөрдү уурдап жүрүшкөн.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын  мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмдүн маалыматы боюнча жай мезгилинде кылмышкерлер 11 уурулукту жана 8 тоноону жасашкан.

 Үйлөрдөн мүлктөрдү гана эмес, малдарды дагы уурдап кетишкен.

 Шектүүлөр Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары болуп, эч жерде иштебегендиги жана алар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы маалым болгон.

 21 жаштагы шаар тургуну бир жыл мурда эркиндигинен ажыратуу мекемесинен бошогон, бирок ага карабастан кайра бир катар кылмыш иштерин жасаганга үлгүргөн. Бул уурулардын тобуна Чүй облусунун 23 жаштагы жашоочусу дагы кирип, ал дагы мурда кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон. Уурулукту түнкү маалда жасашып, акча каражатын, алтын жасалгаларын, тиричилик буюмдарын жана башка оокаттарды уурдап жүрүшкөн. Ушул жылдын 27-июнь күнү кылмыштуу топтун катышуучулары шаар тургунунун үйүнө түнчүндө кирип, 16 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен. Жабырлануучулар милицияга кайрылып, аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

  Андан сырткары, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар тоноо менен дагы алектенип жүрүшкөн. ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча эки аялга кол салышып, акча каражаты жана телефону салынган сумкаларын тартып алышкан. Ушул жылдын сентябрь айында ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Свердлов РИИБдеги кесиптештери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, шектүүлөрдүн бири шаарда жашап жүргөн 1999-жылы туулган С.О. аттуу жаранды кармашкан. Жаран С.О. мурда каракчылык менен соттолгон. Ошондой эле, мурда бир нече жолу соттолгон экинчи шектүүнүн жүргөн жери аныкталды. Ал башка дагы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн камакта экендиги маалым болгон.

 Азыркы учурда бул кылмыштуу топтун башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат.