Ош облусутук Ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын  жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн катышуусу менен 2020-жылдын 9 ай ичинде  аткарган ыкчам-кызматтык  ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыгы чыгарылды.

Кеӊешмеде 3 маселе каралды. Негизинен Ош ОИИБдин 9 ай ичинде  аткарган ыкчам-кызматтык  ишмердүүлүгү канаттандырарлык деп табылды. Айрым катачылыктарды жоюу боюнча бир айлык убакыт берилди.

Ош ОИИБдин өзүк курамы отчеттук мезгилде жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу боюнча “Бирдиктүү алдын алуу күнү” деген аталышта иш-чараларды тынымсыз өткөрүп келди. Айыл аймактарынын айылдарында укук коргоо, фискалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо органдардын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, мамлекеттик каттоо кызматынын, айылдык аймактардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, суу чарба, электр тармактары, фитосанитария жана башка мамлекеттик мекеме ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда комплекстүү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пандемиясын жарыялагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында бул жугуштуу оорунун жайылышын алдын алуу, болтурбоо, жарандардын саламаттыгына кам көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген 2020-жылдын 22-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар режими, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 25-мартынан 30-апрелге чейин Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, ал эми Ош шаарында 10-майга чейин  өзгөчө абал киргизилип, Ош ОИИБдин кызматкерлери  калктын коопсуздугун камсыз кылуу, Ош шаары жана Ош облусу аймагында илдеттин массалык түрдө жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдын жана абалдын режимдерин камсыздоого тартылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда башкармалыктын кызматкерлери ар бир шайлоо участкаларына бекитилип, мыйзамдуулуктун жана коомдук тартиптин сакталышын камсыздашты.

Учурда облустун аймагында өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу менен ИИОго жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарып келүүдө. Акыркы мезгилде жарандар арасында коронавирус илдетин жугузгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу  санитардык посттор коюла баштады. Илдеттин жайылышына бөгөт коюу максатында Ош облусутук штабдын чечими менен Ош облусунун аймагына  райондордо саат 9:00дөн кечки саат 21:00 чейинки мезгилде убактылуу 7 санитардык пост уюштурулуп, жарандарга ооруну алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүп жатат. 

Учурда Ош облусунун аймагында кырдаал туруктуу. Кырдаал толугу менен укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

2020-жылдын 9 ай ичинде Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын КЖБРне 6139 кылмыштар менен жоруктар катталган, анын ичинен 3271   кылмыш, 2868  жорук.

Өзгөчө оор кылмыштар 4 катталып, иши өндүрүштө болуп, 4 кылмыштын бети  ачылган, ачылуу пайызы 100,0 түзгөн.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы