Кечээ, 22-октябрда Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Асанбек КРнын Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүмү боюнча, уюшкан кылмыштуу топ түзүү боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында убактылуу кармоочу жайга камалды.

Эске салсак, Камчы Көлбаев кечээ, 22-октябрда “Авангард” спорт клубунда, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен кармалган.