Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шилдабекова белгилегендей, мыйзамга ылайык, президент кызматтан кеткенден кийин мөөнөтсүз шайлоо үч ай ичинде өтүшү керек. Эгер парламент президент кызматтан кеткенден кийин бир жума ичинде шайлоо күнүн белгилебесе, сегизинчи күнү шайлоо расмий түрдө белгиленди деп эсептелет


«Андан кийин шайлоо комиссиясы эки күндүн ичинде расмий түрдө шайлоонун датасын жарыялайт. Мыйзамдарда алар мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары аяктагандан кийин үч айдын ичинде — 2021-жылдын 16-январына чейин өткөрүлүшү керек деп жазылган », — деди ал.

Нуржан Шилдабекова кошумчалагандай, шайлоо адатта дем алыш күнү болгондуктан, датасын 10-январга белгилөө сунушталууда.

БШКнын мүчөлөрү бул сунушту колдошту.