NazarNews маалымат агенттиги Турсунбай Бакир уулу менен коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан айрым маселелер боюнча баарлашты.

-Турсунбай мырза, парламенттик шайлоодон мурун референдум болуп, Конституция өзгөртүлөөрү маалым болду. Депутаттардын жана жаңы бийликтин бул аракетин колдойсузбу?

-Негизи бул ой туура. Бирок Конституциялык реформа узак мөөнөткө белгиленгени мени тынчтандырат. ЭрК партиясы 1993-жылы да конституцияны жазууга чоң салымын кошкон, азыр деле Садыр Жапаровго жардам берели деп 12-октябрь күнү коомдук кабылдамасына да жазылып, телеканалдар менен социалдык желелер аркылуу да кайрылдык — бирок жооп жок болуп жатат… Деги, 2016-жылга чейин бийлик (президенттер менен убактылуу өкмөт) Конституцияны каалагандай референдумдарда өзгөртүп келишти. Бирок, алардын аракетинин баары бийлигин бекемдөө үчүн гана болду. Тагыраагы, бир жолу да элдин талабы менен Конституция өзгөрүлө элек. Ошондуктан элдин талаптарын камтыган жаны Конституция сөзсүз референдумга чыгарылышы керек! Чыгарылганда да 1993-жылкы Конституцияны негиз кылып алуу абзел.

-Садыр Жапаровдун коррупционерлерге жарыялаган 30 күндүк мораторийи колдоого татыйбы? 

-Мындай аракеттерди мурдагы президенттер да жасаганга аракет кылышкан. Бирок, эмнегедир алардын аракети колдоо тапкан эмес. Ошондуктан азыр да бул ишке пессимизм менен  карайм. Биринчиден, жашырган байлыгын бардыгы эле ачыкка чыгара бербейт. Экинчиден, кылмыш жолу менен байыгандарды баары бир камоо керек деп эл айтышы мүмкүн. 

-Жаңы бийликтин коррупционерлерди камагандан мурун кустурам деген аракети туурабы?

-Эгер чынында бардык коррупционерлер мамлекетке уурдалган акчаларды кайтарышса кана эми! Бирок «Раим Матраимовдун «эр-азаматтыгы» жалгыз эле мисал болуп калбайбы?» деп да ойлоном…