Саясат

Балбак Түлөбаев кызматын тапшырып, Садыр Жапаровдун жанына жаңы кызматка келди

Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматында иштеген Балбак Түлөбаев кызматын тапшырып, бүгүн, 26-октябрда Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдашты.

 Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин «моралдык укугу жоктугун» айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган эле. Бирок анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы, 27-июлда, Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button