ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты.

Пакистан Ислам Республикасынын  жараны тиешелүү документтерди мамлекеттик органдардан жасап, Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүлөрү үчүн Пакистан Ислам Республикасынын жарандарын чакырган. Бирок алар келген учурда эмгек келишими жокко чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Тышкы миграция жөнүндө мыйзамына ылайык визаларын жокко чыгаруу жана ишке уруксат бербөө боюнча чаралар көрүлгөн эмес. Жогорудагылардын негизинде Пакистандын жарандарын Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып келүү үчүн кызматтар көрсөтүлгөн.

Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси  (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, Пакистандын жараны К.Э. шектелгендиги жөнүндө кабарлама берилди.

Азыркы учурда топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт.