Бүгүн, 2020-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча маселелерди кароо жана таанышуу үчүн ички иштер министрлигине келди. Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары,  милициянын подполковниги Эркебек Аширходжаев, ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Сүйүнбек Ниязбеков катышты.

Иш сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр техникалык жабдуу, материалдык камсыздоо, бирдиктүү реестрдин иштөө принциптери менен таанышты. Мыйзам бузуулар жөнүндө протоколду толтуруу процесси ачык көрсөтүлдү.

«2019-жылдын 1-январынан тартып соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирген, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде  автоматташтырылган маалыматтык тутуму Бузуулардын бирдиктүү реестри ишке киргизилген.  Бул тутумдун максаты катары бузуулар тууралуу, мыйзам бузган жарандар тууралуу маалыматтарды чогултуу, сактоо жана бул бузууларга колдонулган жазалар жана кошумча укуктук кесепеттери эсептелет. “Түндүк” автоматташтырылган мааалыматтык тутуму штаттык режимде иштөөдө», — деп билдирди Сүйүнбек Ниязбеков.

Бүгүнкү күнгө карата Бузуулардын бирдиктүү реестрине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары 28 мамлекеттик орган кошулган жана укук бузуулар тууралуу иштерди карап чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борборлоштуруу иштеринин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,  Бишкек, Токтогул, Ош, Балыкчы, Нарын шаарларынын мэриялары кошулду.

Жолугушуунун катышуучулары Бузуулардын бирдиктүү реестрин Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүп берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы «Бузуулар бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” №603 токтомуна ылайык, Ички иштер министрлиги Реестрдин ээси катары аныкталган, ошондой эле бул токтомго ылайык Бузуулардын бирдиктүү реестри тутумун 2021-жылдын 1 – январына чейин Башкы прокуратурага өткөрүлүп берүүсү зарыл. Ушул себептен азыркы учурда бир нече техникалык учурлар пайда болуп жатат.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев белгилегендей – мындан эки эле жыл мурда кызматкерлер эсепти өз колдору менен киргизишип көп убакыт кетчү, ал эми Бузуулардын  бирдиктүү реестри ишке киргенден баштап бул маселе чечилди.

Ошондой эле Бузуулар бирдиктүү реестри автоматташтырылган мааалыматтык тутуму мамлекеттик төлөө шлюздары менен бириктирилген. Ошол аркылуу төлөнгөн айыптар казыналык эсепке түшөт, мамлекеттик төлөө шлюздары банктык тутумдар менен бирге иштешип, бул болсо өз учурунда коррупциялык түзүүчүлөрдү жокко чыгарат.

ИИМ Басма сөз кызматы