Кылмыш-кырсык

Кадамжайда түнкүсүн уурулук жасап жүргөндөр кармалды

Кадамжайда түнкүсүн  уурулук жасап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан кабарлады.

2020-жылдын 25-октябрынан 26-октябрына караган түнү саат 04.00 чамаларында белгисиз атуулдар Кадамжай шаарындагы Заречная көчөсүндө жайгашкан “Тез татым” буткасынын ичине киришип, тамак-аштарды, буюмдарды уурдап кетишкен.

Мындан сырткары ушул эле түнү ушул саатта коңшулаш жайгашкан “Магазин женский одежды” дүкөнүнө белгисиз атуулдар кирип, магазин ичиндеги сатыкта турган товарларды уурдап, натыйжада жабырлануучуга 28800 сомдук чыгым келтирген.

Жогорудагы бул фактылар Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып соттук өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБнин ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Тамаша айылынын 16 жаштагы Т.Н. жана Кадамжай шаарынын тургуну 11жаштагы М.Р. Кадамжай шаарындагы батирлерде ижарада жашап жаткан жеринен аныкталып кармалып, уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып берилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button