Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кечээ телеканалдардын биринде маек берип жатып, кеңешчиси Акылбек Жапаровду үч күндөн бери таппай жатканын, аны кызматтан кетиргенин айткан. 

Бул боюнча Акылбек Жапаров түшүндүрмө берди:

-«Мен ооруп жаттым. Катуурак ооруп калган экенмин, бүгүн жакшы болуп жумушка чыктым. Премьер-министр  кандай чечим кабыл албасын биз кабыл алышыбыз керек. Ал кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган чечимдер. Андыктан биз ал чечимдерге баш ийишибиз керек деп ойлойм. Ооруп калып, байланыша албай калдым, телефон чалып айтып койсом болмок экен. Парламентке айтайын десем, парламент иштеген жок. Керек болсом мага бирөө  байланышып коет го дегем. Менин жардамчым өзүнүн функциясын жакшы так аткарбай койгон окшойт. Балким бизден ошол жерден кетти бирок, мен премьер-министрдин чыгарган чечимине комментарий бере албайм»,- деди Жапаров.