Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Аида Исмаилованын талапкерлигин эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына жактырышкан жок.

А.Исмаиловага добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйынга катышып жаткан 65 депутаттын ичинен 30 депутат гана макул болду. Мындан улам анын талапкерлиги колдоо тапкан жок. 

Аида Исмаилованын талапкерлиги премьер-министр Садыр Жапаров тарабынан сунушталган. Буга чейин ал вице-премьер-министр кызматынан алынганы маалымдалган.