Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды интернет тармактары аркылуу сатуу каналына бөгөт коюу боюнча атайын тергөө аракеттери ийгиликтүү аяктады.

Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча катталган.

Анын натыйжасында психотроптук заттарды Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсү менен Чүй каналынын кесилишиндеги жашыруун жайга бекитүү учурунда 1989-жылы туулган С.И.  кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда  1 даана таңгак табылып алынган.

 Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы таңгак жалпы салмагы 37,25 грамм болгон акыл-эске таасир берүүчү  активдүү зат экендиги аныкталган.

Ошондой эле шектүү баңгизатты  «А» пунктунан «В» пунктуна ташуу,  «ЕХ.KG» аккаунту менен телеграмм  социалдык тармагы менен интернет дүкөнүнүн операторун аныктоо боюнча курьерлик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү, акысына электрондук капчык аркылуу акча каражат алып жүргөндүгү маалым болгон.

Ал Оруссия Федерациясынан өзүнүн атына почта аркылуу, өзүнө эле белгилүү болгон жөнөтмө алгандыгы үчүн 150 АКШ доллар сый акы алгандыгы аныкталды.

Бул факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча интернет дүкөнүнө карата жүргүзүлгөн мындан аркы ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек ш. Магистральная көчөсүнөн 1998-жылы туулган  А.У. кармалып, андан бир акыл-эске таасир берүүчү активдүү зат табылып алынган. Анын жалпы салмагы 14 граммды түзгөн. Сүйлөшүлөрдү жүргүзүү учурунда ал социалдык  тармактар аркылуу баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Ошондой эле 1998-ж.т., К. уулу А. аттуу жаран кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, ал жашаган дарекке тинтүү жүргүзүү учурунда 12 даана таңгак күкүм түрүндөгү күрөң түстөгү зат, ар түрдү өндөгү таблеткалар, компьютер жана ноутбук, банктык карталар, сим карталар  табылып алынган.  Алынган баңги жана психотроптук заттардын  жалпы салмагы 142,26 граммды түзгөн.

  Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды сатууда кылмыштык топтун кирешеси 245 миңден ашуун сомду, же болжол менен 486 дозаны түзмөк.

 ИИМдин БМЖККК Басма сөз кызматы