Бүгүн 29-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 522 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарынан – 110,
Ош шаарынан – 33,
Чүй облусунан – 58,
Ош облусунан – 75,
Талас облусунан – 26,
Нарын облусунан – 7,
Ысык-Көл облусунан – 37,
Жалал-Абад облусунан – 86,
Баткен облусунан – 90 катталган.
Муну менен жалпысынан 57 798 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 460 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 49 097ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек – 91,
Ош шаары – 37,
Чүй облусу – 41,
Ош облусу – 82,
Талас облусу – 18,
Ысык-Көл облусу – 29,
Жалал-Абад облусу – 90,
Баткен облусу – 67,
Нарын облусу – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Баткен облусунан 1 адам каза болду. Жалпы саны 1139га жетти.