2016-жылы Нигериялык балага ак денелүү айым суу ичирип жаткан  сүрөт дээрлик дүйнө элинин жүрөгүн өйүгөн. Бул ымыркайдын аты Хоуп. Ал жашаган  мамлекетте үрөй учурган каада-салттар бар — өз балдарын көчөгө түбөлүккө ыргытып жиберүү!


Хоуп — баласынан каардуу жиндерди кууп чыгара албайм деген эски түшүнүк менен, бир жаштан ашкан курагында ата-энеси көчөгө кууп чыккан балдардын бири. Тамак-ашсыз, суусуз чарчаган бала кийинчерээк дүйнө жүзүнө белгилүү болду. Сүрөттө — Даниялык ыктыярдчы Анья Рингрен Ловен нигериялык ымыркайга суу берип жатат.

Анья жаш кезинен бери кайрымдуулукка жана балдарга жардам берүүгө арноону чечип, акыркы жылдары Нигерияга көп барды. Чындыгында, БУУнун маалыматы боюнча, бул өлкөдө дагы деле болсо 15000ден ашуун бала бар, аларды «алардын ичинде жин-перилер бар» деп ата-энелери таштап кетишкен. Нигерияда, ал тургай, сыйкырчылык кылгандыгы үчүн түрмөгө камалчу мыйзамдар бар.

Аня Рингрен наристени асырап алып, алар аны жуунтуп, кийиндирип, медициналык жардам көрсөтүшүп, Хоуп деген ысым ыйгарышат. Бул англисчеден которгондо — Үмүт деп которулат. Ыктыярчы коомчулуктун көңүлүн буруу, мындай балдарга жардам берүү үчүн башка адамдардын жардамын тартуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасайт. Аял алар үчүн баш калкалоочу жай түзүп, ал «Үмүт жери» деп аталып, кайрымдуу адамдардын  жардамы менен балдарга жакшы тамак-аш жана турак-жай гана бербестен, билим да берип келет.

Үмүт кабыл алынганына 4 жылдан ашты. Ал азыр  6 жашта. Анын ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жок.