Электр энергиясына болгон чектөө алынат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна барган иш сапарында жергиликтүү эл менен жолугушууда  билдирди.

Анын айтымында, чектөө жаздан тартып алынат.

«Нарын жергесинде, дегеле өлкө боюнча электр энергиясы боюнча көйгөй бар. 10 күн мурда 5-6 министрлерди, адистерди, көз карандысыз адистерди топтоп, 1000 кВттан кийинки чектөөнү алып коюу боюнча тапшырма бергем. Бул маселе боюнча кечээ бул жерге чыгып жатканда баарын сурап тактадык. Бул кышта эмес, жаздан баштап алса болот экен. Азыр деле алсак болот. Бирок эл деген эл. Чектөөнү алды дегенде, электр энергиясын үнөмдөп отурган эл көмүрдү таштап салып, бардыңар электр энергиясына өтүп кетет экенсиңер. Анда трансформаторлордун баары жарылып, араң иштеп жаткан электр зымдары күйөт экен. Мен муну он чакты адис менен кеңештим. 30 жыл чыдадыңар, эми бир кыш чадап койгула. Майдан кийин сөзсүз чектөөнүн алабыз. Баасы 77 тыйындан калат. Бул кыштан эптеп чыккыла.», – деди ал.