80 жаштагы британиялык карыя 35 жаштагы арабка турмушка чыгып Ислам динин кабыл алган. Анын окуясын Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Англиянын Соммерсет графтыгынан Айрос Джонс Египеттен келген сүйүктүүсү Мохаммед Ахмед Ибрихам менен «Бүгүн эртең менен» телекөрсөтүүсүнө келгенде, Улуу Британияга белгилүү болду.

 Алар 2019-жылы Фейсбукта таанышып, жазышып жүрүшкөн. Кийинчерээк Айрес Каирге сүйүктүүсүнө учуп барган.

Жубайлар Египетте баш кошкону белгилүү болду. Британиялык аял сүйүктүүсү үчүн исламды кабыл алган. Күйөөсү алардын никеси сүйүү үчүн гана болгон деп ырастоодо.

«Мен анын жарандыгын же акчасын каалабайм. Мен өз жашоомо бактылуумун, иштеп жатам жана Аллахка чексиз шүгүр, менин өзүмдүн аманатым бар», — деди Ибрихам. Ал кошумчалагандай, сүйүүнүн көзү сокур, ал эми тандаган адамы энесинен 20 жаш улуу болсо дагы, ал үчүн эч кандай мааниге ээ эмес.