Бүгүн, 10-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына Рашид Тагаев арыз менен кайрылып, президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирди.

Рашид Тагаев «Ошгаз» филиалынын директору жана ошондой эле Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болгон.

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров жана Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого бара турганын жарыялаган. Бирок алар БШКга арыз менен кайрыла элек.

Эске салсак, буга чейин расмий түрдө 11 адам президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, БШКга кайрылды.

Алар:

1. Адахан Мадумаров;

2. Арстанбек Абдылдаев;

3. Кубан Чороев;

4. Назарбек Нышанов;

5. Бектур Асанов;

6. Бакыт Бакетаев;

7. Канат Исаев;

8. Абдыкаар Сыдыков;

9. Сазыкбай Турдумалиев;

10. Нурлан Мотуев;

11. Рашид Тагаев.