Мурунку президент Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев керектүү дарылануудан өтүп жатат. “Бронхит оорусу айыга баштады. Жөтөл аз. Бирок кан басымы дагы эле туруктуу эмес”, – деди Сергей Слесарев.

Ал кошумчалагандай, эртең, 11-ноябрда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы кылмыш иши боюнча сот жараяны дайындалды. “Эгерде ден-соолугунун абалы жол берсе, анда Алмазбек Атамбаев катышат”, – деп баса белгиледи адвокат.

Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бронхит менен ооруп калганы кабарланган.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш иши: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча өтүп жатат. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган.