Өткөн суткада Кыргызстанда 567 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле маалда 483 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 136;
Ош – 41;
Чүй облусу – 96;
Ош облусу – 65;
Талас облусу – 17;
Нарын облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 57;
Жалал-Абад облусу – 101;
Баткен облусу – 42.

Жалпы статистиканы ала турган болсок, коронавирус жуктургандардын саны 65 454кө жетип, анын ичинен 56 307 бейтап айыкты.

Өткөн суткада коронавирустан Кыргызстан боюнча эки адам көз жумду. Көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталууда. Өткөн суткада каза болгон бейтаптардын бири Бишкекте, дагы бири Баткенде катталды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1195 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.