Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-ноябрда 62 жашка чыкты.

Ал,  1958-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Телман айылында туулган. Жээнбеков Кыргызстанды 2017-жылдын 15-октябрынан тартып, 2020 – жылдын 15-октябрына чейин башкарды.

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу мөөнөтү аяктай электе өз каалоосу менен кызматтан кеткен ажо катары тарыхта калды.