Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаев жыйында борбордо эң башкы көйгөй транспорт масели экенин айтып, муниципалитеттин кызматкерлерине кайрылып, өз милдеттерин аткарып иштебей турган болсо кызмат орундарын бошото турганын айтты.

“Иштебейсиңерби, орунду бошоткула. 2 жылдан бери ушул жерде иштедим, 100 күн эле көлгө губернатор болуп кеттим. Дайыма көйгөй, чечилбейт, башты чайкайсыңар да отурасыңар” – деп кызматкерлерге кайрылды.