Оми-ий, талапкерлердин саны алтымыштан ашыптыр. Буга Америка оозун ачыптыр. Президент болууну каалагандардын арасында мага окшогон уурулары да жүрөт. Ошон үчүн мен дагы кандидатурамды койдум өзүмдү-өзүм сүрөп. Эмесе, сиздерге кыскача сүйлөп берейин, таржымалымдын урунтуу жерлерин гана терейин.
«Ар бир кесип ардактуу» деген сөз бар эмеспи, туугандар. Мен өзүм сүйгөн уурулук өнөрдү молодой кезимде «К» (аты жашырылды) акеден үйрөнгөм. Анын ошол жакшылыгын унутсам, көзүмдөн чыксын!
Устатымды ээрчип алып уурулукка эң алгач барган күнүм ар дайым көз алдымда.
Түнкү саат 12ден 17 мүнөт 59 секунд өткөн кезде Молдаалынын үйүнүн эшигин ачылгыс кылып сыртынан илдик. Андан соң тоокканасына кирдик. Албетте, буттун учу менен басып… Тф-фу, мындай жер болот турбайбы иттей сасык. Күткөн эмес элем мындайды. Ууру болуу оңой эмес турбайбы. Ошон үчүн уурулардын эмгегин баалап бекем, эмгеги сиңген уаруларга наамдарды бериш керек экен. Бул идеяны Акүйдөгүлөр деле колдоору шексиз. Угушумда, чиновниктердин көбү аталып бетсиз, бизге кесиптеш имиш, кылмышкерлер менен кешиктеш имиш. Керек болсо, өтө чоң бандиттерди түрмөдө өлүп калса уят дешип, болуп жатышпайбы бушайман жешип.
Ошентип, жүрөгүм алкымыма кептелип, башыма коркунучтар эстелип, эң четки тоокту бир бутунан кармаган бойдон баратканымда «кокулуктаткан» бойдон өзүмдү көздөй сүйрөп, «К» аке ачууланып жиберди минтип сүйлөп:
-Коё бер, эй! Сен мындай болсоң, жакшы ууру боло албайсың, кысталак! Тандап, семизин кармаш керек. Давай, ширеңке жандырып тур. Мен тандап берейин.
Андан бери улам-улам жаңы ийгиликтерге жетишип олтуруп, азыр кадыресе ууру болуп калганыма сыймыктанам. Бирок, «өзүңө сак бол, кошунаңды ууру тутпа» деген сөз бар эмеспи. Мени кошунам «ууру» деп ар кимге айтып жүрөт имиш. Андан көрө өзүнө сак болбойбу. Мал-салын дайыма көзөмөлгө алып турсун, кетмен-күрөгүн эшикке таштабасын. Антпейт. Качан болсун мага бирдемесин уурдатканы-уурдаткан, уялбай. Андай акмактарды сотко берүү керек.
Кечээ жакында да анын бир коюн уурдап, союп жеп алган элем. Анан кошунама ыраазы болгонума чыдабай, сарайынын каалгасына бор менен минтип жазып койдум:
«»Ырахма-ат, кошуна! Коюңду жакшы багыпсың».
Тү-үй, ат-та!.. өз жазганым өз башыма муш болуп, анын арты мүшкүл иш болуп, кармалып калбадымбы.
-Айланайын кошуна, тиги милийсаңан өзүң куткар. Акыңа башка бирөөнүн бир буюмун уурдап келип берем. Кошуна болуп туруп соттошсок, уят эмеспи. «Уялбагандан өзүң аял» дегендей, сен үчүн мен уялып турам. Ушунчалык да пас болосуңбу? Эсиңе кел.
Менин ушундай жалындуу сөздөрүмдү айыл аксакалдары да колдоду. Көпчүлүккө баш ийген кошунам кемчилигин дароо ондоду. Анан мен кошунама ыраазы болгонума чыдабай, анын бир бээсин түндөсү короосунан уурдап чыктым да базарга алпарып сатып жибердим.
Мени шайлабасаңар-шайлабай эле койгула, эгер таржымалым жакпаса. Бул менден тап-таза, талапкерлерге такмаза.
Орозбек Казыбек уулу