Бардык мамлекеттик кызматкерлер кайрадан аттестациядан өтүшөт.
Бул тууралу Өкмөттүн аппарат башчысы Бактыбек Аманбаев мамлекеттик органдарды реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда билдирди.
Анын айтымында, бул иш 2 айдын ичинде жүрөт, ага чейин комиссия мамлекеттик кызматкерлерди тандоонун түзүмүн бекитиши керек. Жаңы түзүмгө ылайык мамлекеттик кызматкерлер бошотулуп, кайрадан сынактын негизинде кабыл алынат.
Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартып, алардын айлык акыларын көтөрүүнү пландаштырууда. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлерди 10 пайызга кыскартуу пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.