2020-жылдын 20-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын саптык аянтында биринчи курстун курсанттарынын ант берүүсүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бул күнү ИИМдин Академиясынын 114 курсанты элине жана Мекенине өзүнүн берилгендигин далилдеген антын беришти. Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин Академиясынын Туусун көтөрүү менен башталды.


ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Тариель Абитов өзүнүн куттуктоосунда биринчи курстун курсанттарына абийирдүү кызмат кылууну, тартипти кынтыксыз сактоону жана бардык билимди максималдуу өздөштүрүүнү каалап, келечекте өлкөбүздүн татыктуу офицерлеринин катарын толуктоого чакырды. Андан тышкары, антка берилгендик — бул бекемдикке жана кайраттуулукка, жолдошчулукка жана өз ара жардамга, адамдардын жашоосу жана өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликке негизделген салт экендигин белгилеп, кесипкөйлүк, адептүүлүк жана жогорку маданият кылмыштуулукка каршы күрөштүн негизги куралы болуп санала тургандыгын баса белгиледи. 1-курстун курсанттарынын атынан милициянын катардагы курсанты Н. Бекжанов сөз сүйлөп, өз сөзүндө бүгүнкү күн алар үчүн эң бактылуу жана кубанычтуу күндөрдүн бири экенин, ушул кызыктуу жана салтанаттуу мүнөттөрдө Антты сыймыктануу менен кабыл алып, окууга, билим жана практикалык көндүмдөргө ээ болуу, патриоттуулук сезимдерин тарбиялоо, Мекенди сүйүү жана урматтоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайбыз деп убада берди.

Ошондой эле, кызматтык тартипти жана күнүмдүк тартипти так сактоого, Академиянын турмушуна активдүү катышууга жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты наамын жогору баалап, ар-намысты коргоп, билим берүү мекемебиздин кадыр-баркын чыңдайбыз деп сөз берди. Иш-чаранын аягында Академиянын курсанттары саптык аянтта салтанаттуу марш менен өтүштү. Санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо максатында салтанаттуу иш-чарага коноктор чакырылган жок.
ИИМдин Басма сөз кызматы