Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Күн тартипке ылайык, жыйында 3 маселе каралат. «2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланат. Баяндаманы вице-премьер-министр Максат Мамытканов жасайт.

Мындан тышкары «Салыктык талаш-тартыштарды кароо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралат.