Республикалык “СПИД” борбору 2020-жылдын 23-ноябрынан тартып Бишкек шаарынын базарларында АИВ, сифилис, В жана С гепатитке жашыруун тестирлөөнү баштайт.
Борбордон кабарлашкандай, бардык каалоочулар текшерүүдөн өтө алат.
Акысыз текшерүү Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өтөт.
Мобилдик тестирлөөнү өткөрүү орду жана убактысы:
“Ош” базары – 23-24-ноябрда;
“Аламүдүн” базары – 25-26-ноябрь;
“Сары-Өзөн” базары – 27-28-ноябрь;
“Сары-Өзөн” базары – 28-ноябрда;
“Дордой-Дыйкан” базары – 30-ноябрда;
“Орто-Сай” базары – 1-декабрда.
Тестирлөөнүн убактысы 10:00дөн 15:00гө чейин.