Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган.

Бүгүн Административдик сот Ормуковдун өтүнүчүн канааттандырганы белгиленди. Жогорку соттон бул чечим тууралуу кенен маалымат эртең берилерин билдиришти.

Булак: Спутник сайты