Башкы прокурор Курманкул Зулушев фейсбук социалдык тармактагы баракчасына жарандардан келген арыздар менен иштөө тууралуу төмөнкүдөй билдирүү калтырган:

«Азыркы учурда жер-жерлерден миңдеген адамдар арызданып, Башкы прокуратурага чейин келип, менин жеке кабыл алуумда болуп жатышат. Биз ал арыздар боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн райондук жана облустук прокурорлорго тапшырмаларды берип жатабыз. Буга чейин практикаланып келгендей, ишти үстүртөн карап, курулай жооп каттарды жаза салып, эптеп эле кутулуу эмес, жарандардын арыздарын терең иликтеп, текшерип, алардын көйгөйүн чечүүнүн жолдорун издеп, суроо-талабын канааттандырыш керек. Ошого карата арыздарды кароо тартиби да өзгөртүлөт. Анан «өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштын бетин ачуу паланча пайызга көбөйдү» же болбосо «мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү мынча пайызга өндүрүлдү» деген сыяктуу жалган жана жасалма отчётторду берген тажрыйбадан биз эми кетишибиз керек. Биздин алдыбызда реалдуу кадамдарга баруу милдети турат. Бул — азыркы учурдагы коомчулуктун талабы».