Өзүн чындыктын эмблемасы катары карап жүргөн Текебаев достору айтмакчы томаяк саясатчылардын бири эле болуп жургон. Феликс Кулов Бишкек шаарынын мэри кезинде Акаев менен соодалаша коюп, азыркы Фрунзе рестораны турган жерди алып «Дубовый парк» кафесин курган. Фрунзе Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен бир канча жер алып, өзүнө офис, артканына элиталык үй салдырып, Акаев, Бакиев жемишин жакшы эле көргөн. Ал гана эмес Токтогул районунун Чычкан капчыгайына «Таш Там» кафесин салдырып жетишкен. 2010-жылы «Мегакомду» орустарга сатам деп, алардан миллион доллар алганын баардык жамы журт билет. Бирок, бул миллион долларды партиялаштарына «шайлоого жумшадым» деп алдап, өз чөнтөгүнө салып алган. 2010- жылдагы шайлоодо Карганбек Самаков 200, Омурбек Абдрахманов 150, А. Маматов 300, Сайдулла Нышанов 250 мин доллар берген. Андан тышкары 30-50 мин доллардан ондогон адамдар берген. Ал тургай Равшан Жээнбеков 50 мин доллар төлөгөн. Дал ушул акчалар менен шайлоого катышып, акча да арттырып калган. Мына эл оозун карап турган «чындыктын улгусу».