Кыш мезгилинин келип, күн сууктап, көпчүлүк аймактарда жолдор тоӊууда. Жогорудагы кырдаалга байланыштуу мектеп окуучулары ар кандай кырсыктарга кабылып калуусун алдын алуу максатында Ош ОИИБдин жашы жете электер иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Ош облусундагы мектептерде түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө.

Жашы жете электер иштери боюнча инспекциясынын кызматкеринин ар бири таң аткандан баштап билим берүүчү мекемелердин жанында окуучулардын коопсуздугун камсыздап, өзгөчө башталгыч класстарда окуган окуучулардын жолдон коопсуз өтүүсүн камсыздоо менен жумушун баштайт. Ошондой эле, мектеп окуучуларына жол кыймылынын жана жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүлүүдө.

Ош облусунун аймагында 40тан ашуун мектеп эл аралык маанидеги жол трассасынын жээгинде жайгашкан. Ош облусунун ички иштер башкармалыгы ата-энелерден жаш балдарына жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүүнү жана жарык чагылдыруучу бинттер менен камсыз кылууну суранат.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы