Facebook компаниясы россиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын Россиядагы серверлерге көчүрүүдөн баш тартканы үчүн 4 миллион рубль өлчөмүндө айыппул төлөдү. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги Москванын Таган райондук сотунун басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.

Быйыл февралда сот россиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын Россиянын аймагында сактоо тууралуу мыйзамды бузганы үчүн Facebook жана Twitter компанияларынын ар бирин төрт миллион рублдан айыппул төлөөгө милдеттендирген. Азырынча Twitter айыппулду төлөй элек.

Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө жарандардын жеке маалыматтарын алар жашаган өлкөлөрдөгү серверлерде сактоо тууралуу мыйзамдар кабыл алынган. Россияда мындай мыйзам 2015-жылы күчүнө кирген.

2019-жылы апрелде сот Роскомнадзор мекемесине орусиялык колдонуучулардын маалыматтарын өлкө ичинде сактоо тууралуу маалыматтарды берүүдөн баш тартканы үчүн Twitter жана Facebook компанияларына үч миң рублден айыппул салган.

2016-жылы россиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын көчүрүү талабын аткаруудан баш тарткан LinkedIn социалдык түйүнүнө Россияда бөгөт коюлган.