Америкалык лидер өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери, дарыгерлер, медицина кызматкерлери жана улгайгандар эмдөөнү биринчилерден болуп ала тургандыгын баса белгиледи.
Дүйнө жүзундө коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпы 61 миллиондон ашты. АКШда коронавирустан бир күндө 2400дөн ашык адам каза болуп, бул акыркы алты айдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Ал эми акыркы суткада 200 миңге жакын адам вирус жугузган.
Венгрия коронавируска байланыштуу чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө чектөөлөрдү 2021-жылдын 1-февралына чейин узартты. Мир 24 каналы билдиргендей, бул өлкөго сырттан бара тургандар жүйөлүү себептер менен гана өтө алышат. Ал эми өз өлкөсүнө кайтып барган Венгриянын жарандары карантиндин талаптарын сакташы керек. Хорватияда дагы чектөөлөр 21-декабрга чейин узартылды.