Конституциянын жаңы долбоорунда орус тили расмий тил макамынан ажыраган жок. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин «Конституциялык түзүлүштүн негиздери» секциясынын жетекчиси Урмат Аманалиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин орус тилин расмий макамынан алуу сунушу түшкөн.

«Орус тили расмий тил бойдон калды. Сунуш түшкөн, бирок ал четке кагылды», — дейт ал.

“Адам жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” секциясынын жетекчиси Нурлан Шериповдун айтуусунда, учурдагы Баш мыйзамда жазылган кыргыз жана орус тилинин макамдары өзгөртүлгөн жок.

«Учурдагы Баш мыйзамдагы кыргыз тили мамлекеттик тил, орус тили расмий тил макамы сакталып калды», — деди секциянын жетекчиси.