Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматта Финансы полициясы Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганы айтылат.

«Мурдагы вице-премьер С.Т. мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган. Кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган», — деп айтылат маалыматта.

Финпол бул сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сарпашев суракка чакырыларын белгиледи.

 

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 2012-2014-жылдары Кыргызстандын экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри болуп эмгектенген. 2020-жылдын ноябрь айында Финпол анын үйүн тинтүүгө алган.