Ош облусунун Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, аталган оорукананын имараты 1996-жылы курулуп, мектеп катары колдонууга берилген. Пандемияга байланыштуу ал имаратты оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылган. Ооруканадагы оңдоп-түзөө, жабдыктар менен жабдуу жумуштары жергиликтүү бюджеттин, райондук өнүктүрүү фондунун жана жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен жасалган.

Жугуштуу оорулар ооруканасы коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды дарылоо үчүн пайдаланылат.