Президенттикке талапкер болчулардын арасынан дагы алты киши өз документтерин кайтарып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Бүгүн (түн ортосуна чейин) кол топтоо баракчасы (кеминде 30 миң кол тамга керек) менен шайлоо күрөөсүн (1 миллион сом) тапшыруунун акыркы мөөнөтү. Саат 11.00дөгү маалыматка караганда, 14 киши бир миллион сомдон шайлоо күрөөсүн төктү. Ал эми кол топтоо кагаздарын беш талапкер тапшырды.

Күндүз шайлоо жарышынан эки киши четтегени айтылган. Эми алардын катарына Арсланбек Малиев, Турсунбай Бакир уулу, Адилет Маматов, Азамат Эсенбеков, Бакытбек Жумагулов жана Жамбыл Камчиев кошулду. Ошондо азыр 37 талапкер калды.

Эртеңден тарта 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баяны жазылган анкетаны толтурушат. 14-декабрга чейин БШК талапкерлерди каттоого алат. Ал эми 7-январга чейин талапкердин шайлоодон баш тартуу укугу бар.

Үгүт иштери 15-декабрдан тарта 9-январь күнкү саат 8.00гө чейин уланат. Шайлоого төрт күн калгандан тарта (6-январь) ЖМКлар шайлоонун жыйынтыгын божомолдоо, сурамжылоолор тууралуу материалдарды жарыялай албайт.