Алдоо жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алып, изин жашырып кеткип, жабырлануучуларга көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратып, алдамчылык менен издөөдө жүргөн жана бүтүндөй бир үй-бүлөнү өлтүрүүгө кол салып мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана башка жарандар Москвадан кармалды.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү өз өлкөсүндө ар кандай кылмыштарды жасап, Россиянын аймагында жашынып жүргөндөрдү аныктоо жана кармоо боюнча иштерди улантып жатат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү 2020-жылдын ноябрь айында Россия Федерациясынын укук коргоо органдары менен биргеликте издөөдө жүргөн бир нече адамдарды кармашты.
— Чүй облусунун 1992-жылы туулган Н.Т. аттуу жашоочусу ири өлчөмдө жасалган алдамчылык үчүн 2020-жылдын август айынан бери издөөдө жүргөн. Бул жаран 2017-жылы октябрь айында алдоо жолу менен «Мерседес Даймлер-Крайслер S-500» үлгүсүндөгү автоунаасын камакка алыганына карабастан, соттун чечими жок сатып жиберип, изин жашырып качып кеткен. Алдымчылык иш-аракетинин натыйжасында жабырлануучуга 342000 сомдон ашык чыгым келтирилген. Жаран Н.Т. Чүй районунун ички иштер органдарынын КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча каттаган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында изделип жаткан.
-Чүй облусунун 1989-жылы туулган М.А. аттуу жашоочусу 2019-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Аны Кыргыз Республикасынын УКМКсы 43-беренесинин 3-бөлүмүндө, 320-беренесинин 2-бөлүмү жана 329-берененин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча издөө жарыялаган.
-Жалал-Абад облусунун 1993-жылы туулган Н.М. аттуу жаран 2019-жылы издөөгө алынган. Ал 2019-жылы августта курч предмет менен Сузак районунун айылдарынын биринин жашоочусунун үйүн кирип, 1965-жылы туулган жарандын, 1995, 1996 жана 1994-жылы туулган жаш адамдардын денесине оор жаракаттарды келтирген. Алган жаракаттарынын натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн жарандар аймактык ооруканага жаткарылган. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-беренеси, 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пункту боюнча (эки же андан көп адамдарды өлтүрүүгө кол салуу) сотко чейинки өндүрүш башталган. Жаран Н.М. Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи издеп жаткан.
-Баткен облусунун 1985-жылы туулган М.К. аттуу жашоочусу 2019-жылдан бери ЭККМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 304-беренесинин 2-бөлүмү менен 329-беренесинин 1-бөлүмү боюнча мамлекеттер аралык издөө жарыялаган.
-Жалал-Абад облусунун 1974-жылы туулган жашоочусу Г.Ш. 2020-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Бул жаран 2015-жылы күзүндө алдоо жолу менен материалдык пайда табуу максатында Ж.Н аттуу жаранды мүлкүн ээлеп алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Келтириген материалдык чыгым 810 000 сомду түзөт. Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү (эски редакция) (Ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча издөө жарыялаган.
Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча издөө алган тарапка кабарлама жөнөтүлүп, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын укук коргоо органдары изделип жаткан жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өз өлкөсүнө жөнөтүү маселелерин чечип жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы