2020-жылдын 4-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жаранын кармашты. Россия Федерациясынын жараны 41 жаштагы М.В. карата 2016-жылдан бери Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 2-бөлүмүндө (Баңгизаттарды сатуу жана сактоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган.
Азыркы учурда кармалган М.В. Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы